Деңиздеги сулуулардан Ангела Меркель менен коштошууга чейин. Апта ирмеми

Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.
Sputnik
1 / 15
Антарктидада Күндүн толук тутулган көрүнүшү. Мындай учурлар изилдөөчүлөргө космостун аба ырайын, Жер планетасына жакын жердеги космос чөйрөсүнүн табигый термелүүсүн изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. National Geographic Russia кийинки толук тутулуу 2039-жылдын 15-декабрында болот деп жазды.
2 / 15
Ырчы Бекки Джи Калифорнияда (АКШ) өткөн People's Choice Awards сыйлыгын тапшыруу аземи учурунда фанаттары менен сүрөткө түшүүдө
3 / 15
Индонезияда жеткинчек арабага салынган жүгөрүнүн мардегин төгүп жатат
4 / 15
"Аалам сулуусу" сынагынын катышуучулары Жансыз деңизде сууга түшүп жатышат
5 / 15
Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель жана анын ордуна бул кызматка келген Олаф Шольц. Ангела Меркель 16 жыл иштеген соң Германиянын канцлери кызматынан расмий кетти.
6 / 15
2014-жылдын 10-декабрында түзүлгөн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жети жылдыгын белгиледи. Бул мезгил аралыгында ал эң көп шилтеме берилген жана ишенимдүү маалымат каражаттарынын бири болуп калды. Учурда порталга күнүнө 130 миңден ашык, айына 2,5 миллион окурман кирет. Ал эми социалдык тармактарда 1,5 миллиондон ашык колдонуучусу бар
7 / 15
Балдар ойноочу жайдын торнадодон кийинки көрүнүшү. Торнадо жана бороон АКШнын Иллинойс, Миссури, Арканзас, Кентукки жана Теннесси штаттарын каптады. Курман болгондордун саны 80ге жетип, президент Жо Байден кырсыкты тарыхтагы эң оор каргашанын бири деп атады.
8 / 15
Кабулдук (Афганистан) бала батперек учуруп жатат
9 / 15
Өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.
10 / 15
Индиялык келиндер Сурат шаарында массалык үйлөнүү үлпөт алдында
11 / 15
Жээктеги балыкчылар. Сочи
12 / 15
Полиция департаментиндеги Ватсон аттуу терапевт ит Американын Потукет шаарындагы башталгыч мектепте COVID-19га каршы эмдөө алган кызды сооротуп жатат
13 / 15
Бишкекте "Мурас" маданий-спорттук фестивалы өттү. Анда кыргызстандык мыкты гимнасттар жана спорттун ар кандай түрлөрү менен алектенген 200гө жакын бала жөндөмдөрүн тартуулашты. Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналды.
14 / 15
Стамбул метросунун эскалаторунда астронавттын кийимин кийген адам бара жатат. Флешмоб шаарда ачылган НАСАнын космостук көргөзмөсүнө арналган.
15 / 15
"Байкоңур" космодромунан "Союз МС-20" башкарылуучу космос корабли менен "Союз-2.1а" ракетасы учурулду. Аны менен япониялык туристтер Юсаку Маэдзава жана Ёдзо Хирано космоско сапар алышты.
Тема боюнча:
Благодыренко: Sputnik Кыргызстан — Евразия мейкиндигиндеги эң креативдүү команда!
Акылбек Жапаров Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Сүрөт
АКШда бороон-чапкын 80дей кишинин өмүрүн алды. Катуу шамалдын видеосу
Турмуш жолуна аттанган түгөйлөрдүн адаттан башкача сүрөттөрү
Өзүнө тартып, кыя өткөрбөй... Чыгыш бийинде термелген кыздар