БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан радиосунун редактор-баяндамачысы Таалайбек Ороскулов жана продюсер-кабарчысы Асел Сыдыкова Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПАнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү) сынагында байгелүү орундарды алды.
Анда Ороскулов биринчи, Сыдыкова экинчи орунду ээледи. Сынактын 9 жеңүүчүсү дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланды.
Улуттук сынак гендердик зомбулукка, кыздарга жана аялдарга карата терс көрүнүштөрдү жоюу, үй-бүлөнү пландаштыруу жана энелердин өлүмүн азайтуу темаларына арналган.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сынакка келип түшкөн материалдардын деңгээли жогору болгонун белгиледи.
Ошондой эле калктын репродуктивдүү ден соолук жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча маалымат таратуу Кыргызстанда өлүмдөрдү кыскартууга жана демографияны жакшыртууга оң таасирин тийгизип жатканын айтты.
Ал эми БУУнун Калк фондунун (ЮНФПАнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн) башчысы Азамат Баялинов сынак өлкөдөгү энелердин коопсуздугу, үй-бүлөнү пландоо жаатындагы саламаттыкты сактоо маселелерине, ошондой эле Кыргызстанда гендердик зомбулук көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталганын билдирди.
Аталган сынакка жалпысынан 35 журналист жана 70ке жакын блогердин эмгектери келип түшкөн.
Тема боюнча: