Өлкө 11 айда мамлекеттик карызына 28 миллиард сом жумшады

Мамлекеттик карызды тейлөөгө кеткен чыгым өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 миллиард сомго өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ушул жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө 28 222,7 миллиард сом бөлүнгөн. Бул туурасында өлкөнүн Финансы министрлиги билдирди.
Бул сумманын 14,3 миллиарддан ашыгы тышкы карызды төлөөгө, ал эми калган 13,9 миллиарды ички карызга жумшалды.
Өткөн жылдын январь-ноябрь айларындагы төлөмдөр 24,7 миллиард сомду түзгөн.
Кыргызстанда доллардын курсу жакынкы жылдары кандай өзгөрөт? ЕАӨБдүн божомолу
Белгилей кетсек, өткөн жылдын 11 айында мамлекеттик карызды тейлөөгө мурдагы рекорддук көрсөткүчтү (30,7 млрд. сом) кошпогондо, башка жылдарга караганда көбүрөөк каражат кеткен. Мисалы, 2019-жылы 28,1 миллиард сомдон бир аз ашкан.
Октябрдын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы төрт миллиард 885,5 миллион долларды түзсө, анын төрт миллиард 165,6 миллион сому тышкы карызга туура келет.