Статком: ишканалар пандемияга чейинки деңгээлине кайтып келе жатат

Олуттуу өсүүлөр соода, тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды өндүрүү, транспорт ишмердиги, жүк сактоо, курулуш сыяктуу тармактарда байкалды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Быйылкы жылдын тогуз айында өлкөдөгү ишканалардын басымдуу бөлүгүнүн дүң кирешеси көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Олуттуу өсүүлөр соода, тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды өндүрүү, транспорт ишмердиги, жүк сактоо, курулуш, металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүү, пайдалуу кендерди казуу, маалымат, байланыш, ошондой эле электр энергиясы жана газ менен камсыздоо тармактарында байкалды.
"Быйылкы жылдын январ-сентябрь айларынын жыйынтыгы менен экономиканын реалдуу сектору оң жакка сальдолоштурулуп, ишканалар мындан 60 миллиард сом пайда көрдү. Бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда пайда 35 эсеге өстү дегенди түшүндүрөт. Демек, ишканалар акырындык менен калыбына келип, пандемияга чейинки деңгээлге кайтуу жолунда", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда ишканалардын 21 пайызы чыгым тартышканы кошумчаланды.