Каржы пирамидасынын тузагынан кантип сактануу керек. ИИМдин эскертүүсү

Алдамчылыктын бул түрү боюнча былтыртан бери эки миңден ашуун иш катталган. ИИМ жабыр тарткандарды жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууну же 102 номерине чалууну эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Былтыртан бери өлкө аймагында уюшулган каржы пирамидасынан 3 300гө жакын адам жабыр тарткан. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 2022-жылдан бери 2 311 сотко чейинки өндүрүш иши тергелип, 2 074ү соттун кароосуна жиберилген. Келтирилген материалдык чыгымдын суммасы жалпы 311 миллион 864 миң 373 сомду түздү.
ИИМ жарандарды сак болууга жана алдамчылык аракеттерине алдырбоо боюнча кеңеш берди:
Ошондой эле алдамчылардын торуна түшпөй жана аманатты жоготпош үчүн каржы пирамидасынын дагы башка эрежелерин эстен чыгарбоо керек:
ИИМ алдамчылык аракеттерге кабылгандарга жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууну же 102 номерине чалууну эскертти.