Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1,5 млн. дозасы алып келинди

Байсалов келе жаткан жылдын январь айында өлкөгө "омикрон" штаммы кирип калышы мүмкүн экенин айтып, жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстанга коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын 1,5 миллион дозасы алып келинди. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.
Кытайдын гуманитардык жардамы "Манас" эл апалык аэропортунан өткөрүлүп берилди. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.
Байсалов Кытай тарапка көрсөтүлгөн төртүнчү жолку гумжардам үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
"Келе жаткан жылдын январь айында өлкөгө "омикрон" штаммы кирип калышы мүмкүн деп турабыз. COVID-19дун жайылышы күчөшү мүмкүн. Буга байланыштуу вакцина алып калууга жетишүү керек. Өнөкөт оорусу барларга эмдөөдөн өтүүгө тыюу салынбайт. Тескерисинче, бул топтогу адамдар биринчи кезекте препаратты сайдырышы керек", — деди Байсалов.
Ал эми Ду Дэвэнь көрсөтүлгөн жардам жарандардын ден соолугун коргойт деп ишенерин белгиледи.
Вакциналарды аралаштырып алса болобу? Адистин түшүндүрмөсү