Аскар Акаев Кыргызстанга келди

Акаев бүгүн таңга маал Москва — Бишкек каттамы боюнча учуп келгени маалымдалды. Анын өлкөгө эмне себептен келгени айтыла элек.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак кабарлады.
Болжолдуу маалыматка ылайык, ал бүгүн таңга маал Москва — Бишкек каттамы боюнча учуп келди.
Аскар Акаев "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна 1 млн. сом которду
Акаевдин Бишкекке эмне себептен келгени белгисиз. Аны жакшы билген саясатчылар да комментарий бере элек.
Эске сала кетсек, ушул жылдын август айында Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, УКМКга Кумтөр боюнча сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып, кыргызстандыктардан кечирим сураган.