12 шайлоо округунда добуштар кайрадан саналды. Жыйынтыгы

Кыргызстанда жалпысынан 36 шайлоо округу бар. Алардын арасынан 12синде добуштар экинчи ирет кол менен саналып чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын эсептөө боюнча 12 шайлоо округунда добуштарды кайра саноо болуп өттү. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кабарлады.
Маалыматка караганда, экинчи жолу саноо АСУнун жана алгачкы саноолордун жыйынтыгын тастыктады. Кайра саноо партиялардын өтүнүчүнөн улам шайлоого катышкан саясий бирикмелердин жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда ишке ашты.
ЖКнын дагы 4 депутаты белгилүү болду. Бир округда шайлоо өткөн жок деп таанылды
Жалал-Абад облусу боюнча добуштар кайра саналган шайлоо округдар:
№ 19 Токтогул округу;
№ 13 Сузак округу;
№ 14 Жалал-Абад округу.
Ош облусу боюнча:
№ 4 Көк-Жар округу;
№ 6 Араван округу;
№ 7 Ош округу;
№ 8 Төлөйкөн округу.
Нарын облусу боюнча:
№ 32 Кочкор округу.
Ысык-Көл облусу боюнча:
№ 36 Ысык-Көл округу.
Талас облусу боюнча:
№ 20 Манас округу;
№21 Талас округу.
Чүй облусу боюнча:
№ 30 Ысык-Ата округу.
Эске салсак, 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланышы керек.