Талантаалы Бакчиев "Манас" жана Айтматов академиясына жетекчи болду

2019-жылдын 31-январында президент "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын түзүү боюнча жарлыкка кол коюп, жетекчиликке июнь айында Топчубек Тургуналиев дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенттигине манасчы, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев дайындалды. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.
"Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенттигине манасчы, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев дайындалды
Аны эмгек жамаатына министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов тааныштырган.
2019-жылдын 31-январында президент "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын түзүү боюнча жарлыкка кол коюп, жетекчиликке июнь айында Топчубек Тургуналиев дайындалган эле.