Каржы пирамидасын уюштуруп 5 000 адамды алдагандар изделүүдө, кээси кармалды

Компаниянын юристи менен кассири камакка алынды. Ал эми негизги уюштуруучулар өлкөдөн чыгып кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстанда каржы пирамидасын уюштуруп 5 000ден ашуун адамды 3 миллион долларга алдап кеткендер издөөгө алынып, кээ бирлери кармалды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө Украинанын жарандары В. К., Е. Т., В. Ж., О. С., М. С. жана Кыргызстандын атуулдары А. Ч., Н. И. жана А. Ж. мыйзамсыз жол менен пайда табуу максатын көздөп, каржы пирамидасын түзүшкөнү аныкталган.
"Алар салынган каражаттар жыл сайын 260 пайызга чейин үстөгү менен кайтарыларын убадалап, элди алдоо жолу менен акча чогултушкан. Натыйжада 5 000ден ашуун адамды сызга отургузуп, келтирилген зыяндын суммасы 3 миллион долларды түзгөн. Тергөө чараларынын натыйжасында Г.К. жана К.Ж.Г. компаниясынын юристи И. Н. Б. менен кассири Ж. А. Э. камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.
Радио
Дүйшөналиев: каржы пирамидасына алдангандар Ысык-Көлдө көп
Ал эми жогоруда аты аталган шектүүлөрдүн чет өлкөгө качып кетишкени такталган. Буга байланыштуу аларга карата сыртынан айып угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, издөөгө алынды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси ("Каржы пирамидаларын уюштуруу") менен иш козголуп, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан иликтенүүдө.