БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Өткөн аптада Россия коронавирусту аныктоо үчүн тапшырылган ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтүн 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартты. Мындай чечим COVID-19дун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.
Россияга каттаган кыргызстандыктар арбын болгондуктан, аталган өлкөдөгү мындай өзгөрүүлөр бизге дагы таасир этпей койбойт.
Көп өтпөй Кыргызстандын министрлер кабинетинин жыйыны болуп, анда төраганын орун басары Эдил Байсалов ПЦР-тесттин жарамдуулугун Кыргызстанда дагы дал ушунча убакытка кыскартуу маселесин карап чыгууну тапшырды.
Мындан улам Sputnik редакциясы Бишкекте SARS-CoV-2 вирусун аныктоо үчүн ПРЦ-тесттин баасы, тапшыруу шарты азыр кандай болуп калганына кызыгып көрдү.
Анализдин бул түрүн бир мамлекеттик жана алты жеке менчик лабораториядан тапшырууга болот.