Токмокто төрөлүп-өскөн профессионал боксчу Дмитрий Бивол Дүйнөлүк бокс бирикмесинин (WBA) версиясындагы чемпиондук наамын коргоп калганын Р-Спорт жазды.
Турнир ишемби күнү кечинде Екатеринбургда өткөн. Бивол 12-раунддук кармашты россиялык Умар Саламов менен өткөрүп, калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жеткен. Спортчулар рингде 79,4 килограмм салмакта беттешкен.
Бивол ушуну менен 19унчу жеңишин камсыздады, анын 11ин нокаут менен уткан. Рингде бир да жеңилүү ызасын тарткан эмес. Атаандашы Саламов 26 беттеште жеңүүчү болуп (19у нокаут менен), эки ирет утулган.
Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. WBC-USNBC версиясы боюнча АКШнын, WBA версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону, наамын бир нече жолу коргогон.