Улуттук поэзиянын түптөлүшүндө аялдарга милдетүүбүз. Анткени ал бешик ырынан башталып, кошок менен бүтөт. Бул экөөнү тең аялдар аткарат. Мындай пикирин Болотбек Таштаналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда кыздар поэзиясынын илгерилеп жатканы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.
"Улуттук поэзиянын түптөлүү тарыхына кайрыла турган болсок, ырдын жаралышы боюнча аялзатына милдетүүбүз. Маселен, улуттук поэзия бешик ырынан башталып, кошок ырынан бүтөт. Бул экөөнү тең аялдар аткарат. Ошол эле эмгек ырларын алсак, "Жылкычынын ыры" гана эркектерге мүнөздүү. Калгандары бүт эле аялзатына таандык же алар катышат. Ошондуктан учурда акын кыздардын мыкты ырларды жазуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Аман Токтогуловдун "Граждандуулуктун оту" деп аталган макаласы бар. Ошондо поэзия кандай болуш керектигине аныктама берилген. Макалада ал акын Турар Кожомбердиевдин бир ырын мисал келтирип сынга алган. Ошондо "бул ырды Турар Кожомбердиевдин жазганына ишенбейбиз. Анткени гениалдуу делген Турар ушундай куру патетиканы жазышы мүмкүн эмес" деген. Учурдун көз карашы менен алып көрсөк, акын жигиттерде жарандык пафостон дагы патетика басымдуу көрүнөт. "Менин Кыргызстаным", "менин өлкөм" деп көкүрөктү уруп, жалган нерсе көбүрөөк. Аялдар поэзиясында мындай көрүнүш дээрлик байкалбайт. Башкача айтканда, "фальш" деген түшүнүк кыздар поэзиясына мүнөздүү эмес деп айтууга болот", — деди Таштаналиев.
Ошондой эле ал учурда акын жигиттер көбүнчө жүрөгүн садага чаап "плакат ырларды" жазууга өтүп алганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2011-жылы 28-январда болгон Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук адабият күнүн бекитүү тууралуу токтомдун долбоору талкууга коюлуп, анын жыйынтыгында 12-декабрь адабият күнү катары белгиленип келет. Бул күн маркум улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болгондуктан адабият күнү катары тандалып алынган. Айтматов 2008-жылы 10-июнда көз жумган.