Белгилүү акын-жазуучулар бар. "Алтын калем" сынагын кимдер жеңди. Сүрөт

Сынакта поэзия, проза, драматургия багыттары боюнча үчтөн жеңүүчү болгон. Жеңүүчүлөрдүн арасында Топчугүл Шайдуллаева, Бурулкан Сарыгулова, Жедигер Саалаев бар.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында "Алтын калем" аттуу республикалык сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Сынак 12-декабрь - улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана Улуттук адабият күнүнө карата өткөрүлдү.
Иш-чарага маданият министринин орун басары Салтанат Аманова катышып, жалпы адабият тармагынын өкүлдөрүн майрамы менен куттуктаган.
Салтанаттуу майрам Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери даярдаган программа менен коштолуп, соңунда сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Акын-жазуучулардын республикалык "Алтын калем" адабий сынагынын жеңүүчүлөрү: