Илимде бул эчкилерди Oreamnos americanus деп аташары "National Geographic Россия" сайты жазды.
Алар тоолуу аймакты байырлайт. Калың жүнү сууктан сактап келсе, күн жылыганда түлөп, түшө баштайт. Мындай учурда көп улактар энесин алыстан көрүп тааныбай калат.
Кадрдан үйүрү менен жайылып жүргөн балалуу эчкилерди, жагымдуу табиятты көрүүгө болот. Ал эми улактар таштан-ташка секирип ойноп жүрөт.
Бир учурда операторлордун көңүлүн тынбай маарап, улам бир эчкиге чуркап барып, энесин элеңдеп издеп жүргөн апакай улак бурган. Жаныбарлардын тобу акырындык менен жыла баштаганда ак улак чебелектеп энесин андан да катуу издей баштаган. Оттоп жүргөндөрдүн жанына чуркап жетип, бирок алар мүйүзү менен тап берип, качырып жатканын көрүүгө болот. "Издөө иштери" бир топко чейин созулуп, акыры кичинекей жаныбар энесин тапкан. Окуя асканын жантайыңкы жеринде жаткан энесин тынч койбой, үстүнө секирип, кайра түшүп ойноп жаткан жеринен соңуна чыгып, видео бүткөн.