Ар бир жаран чын дилинен пенсия үчүн акча которот. Бийликтин планы

Социалдык фонд "Келечек булагы" өнүктүрүү жана туруктуу экосистеманы куруу боюнча стратегиясын сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү пенсиялык тутумду реформалоо маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү пенсиялык тутумду реформалоо маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү
Анда Жапаров мамлекеттин социалдык саясатынын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн бири жарандарды пенсия менен камсыздоо болуп саналарын белгилеген.
"Салык жана бажы тутумун реформалоо жыйынтыкталуу алдында турат. Келерки жылдын январь айынан тарта биз пенсиялык тутумду реформалап баштайбыз. Анын негизги максаты — системанын бардык катышуучуларына бирдей укукту камсыздоо менен адилеттүүлүктү жана натыйжалуулукту жогорулатуу, пенсиялык камсыздоо принциптерин күчтөндүрүү", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Андан соң Социалдык фонддун "Келечек булагы" өнүктүрүү жана туруктуу экосистеманы куруу боюнча стратегиясы сунушталган.
Соцфонддо акчаңыз сакталып турарын билчү белеңиз? Аны кантип алса болот
"Жарандардан акча алып, азыраак пенсия берген системанын үлгүсүнөн арылуу зарыл. Ошондой эле жарандардын келечекте пенсия алуусуна мамлекет кепил болуп, туура аныкталышы үчүн каражатын чын дилинен которо тургандай болуп, Социалдык фондго карата мамилеси өзгөрүшү керектиги айтылды", — деп жазылат пресс-релизде, бирок ал ким тарабынан айтылганы белгиленген эмес.
Стратегияны талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Жапаров Социалдык фонддун жетекчилигине айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу тапшырмасын берди.