Баңгизат, ичимдик, бычак... Молдовановка абагынан чыккан буюмдардын сүрөтү

Абактан баңгизаттын героин баштаган үч түрү табылган. Андан сырткары түзөтүү мекемелеринин ички эрежелеринде тыюу салынган башка буюмдар чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылынын аймагында жайгашкан №1 абагын текшерүү учурунда героин баштаган баңгизаттар, ичимдиктерден тарта бычак жана башка колдонууга тыюу салынган бир топ буюмдар чыккан. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлады.
1 / 4
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылынын аймагында жайгашкан №1 абагын текшерүү учурунда героин баштаган баңгизаттар, ичимдиктерден тарта бычак жана башка колдонууга тыюу салынган бир топ буюмдар чыккан.
2 / 4
Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлады
3 / 4
Маалыматта бул иштердин кечээ, 10-декабрда, жасалганы айтылган
4 / 4
Факты боюнча Жаза аткаруу кызматы тийиштүү тергөө жана башка текшерүү иш-чараларды жүргүзүп жатканын кошумчалады
Маалыматта бул иштердин кечээ, 10-декабрда, жасалганы айтылган.
"№1 мекемеде пландуу жалпы издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө салмагы 8,615 кг. баңгизат (героин, кара куурай, марихуана) жана ар кандай үлгүдөгү уюлдук 24 телефон табылган. Андан сырткары 63 даана тешүүчү, кесүүчү буюмдар, 3,5 литр ичимдик, колго жасалган 275,5 литр маш жана түзөтүү мекемелеринин ички эрежелеринде тыюу салынган башка буюмдар чыккан", — деп билдирди.
Факты боюнча Жаза аткаруу кызматы тийиштүү тергөө жана башка текшерүү иш-чараларды жүргүзүп жатканын кошумчалады.