Радио

Кадыров: Кыргызстанда алпагут спортун өнүктүрүү аракеттери көрүлүүдө

Алпагут боюнча эки жолку дүйнө чемпиону, Евразиянын чемпиону Бакыт Кадыров дүйнөдө жаңыдан өнүгүп жаткан алпагут уруш өнөрүн Кыргызстанда жайылтуу аракети көрүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстан Дүйнөлүк алпагут федерациясына мүчө болуп, дүйнө чемпионатына катышып, байгелүү орундарды камсыздап келет. Мындай маалыматты Бакыт Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк алпагут федерациясынын алкагында учурда 20дан ашык өлкө мүчөлүк кылып, мелдештер уюштурулуп келет.
"Алпагут учурда дүйнөдө жаңыдан өнүгүп жаткан уруш өнөрү болуп саналат. Байыркы түрк элдеринин философиясын камтыган спорт бүгүнкү күндө кайрадан жанданып, көбүнесе түрк тилдүү өлкөлөр арасында жакшы өнүгүү жолуна түштү. Алдыда дүйнөлүк деңгээлде жайылтуу иштерине көңүл бурулууда. 2016-жылы биринчи жолу дүйнө чемпионаты өтүп, биринчиликти утуп келгенбиз. Эми аталган спортту Кыргызстанда да жайылтуу аракетин көрүп, ири чемпионат өткөрүүнү ойлонуп жатабыз. Мисалы, Россияда, Казакстанда, Европа мамлекеттеринде жакшы жолго түшүп, мелдеш өтүп жатат", — деди Кадыров.
Ошондой эле спортчу алпагут боюнча дүйнө чемпионаты 2022-жылы өтөрүн айтты.