Кара-Балтада геологиялык үлгүлөрдү даярдаган лаборатория ачылды

Лаборатория геохимиялык анализдер жаатында жогорку сапаттагы тейлөө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана жаңы жумушчу орундарды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кара-Балтада геологиялык үлгүлөрдү даярдаган сынамык лаборатория ачылды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
1 / 3
Кара-Балтада геологиялык үлгүлөрдү жана пробирдик анализ даярдоочу сынамык лаборатория ачылды
2 / 3
Лаборатория "Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис" ЖЧКсынын элементтердин платиналык тобу үчүн ачылган. Маалыматка караганда, ишкана геохимиялык кызмат көрсөтүү рыногундагы көзкарандысыз аналитикалык лаборатория болуп саналат.
3 / 3
Анын негизги иш багыттары - техникалык сыноо жана геохимиялык анализдер, үлгүлөрдү анализдөө жана металлургиялык сыноо
Лаборатория "Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис" ЖЧКсынын элементтердин платиналык тобу үчүн ачылган. Маалыматка караганда, ишкана геохимиялык кызмат көрсөтүү рыногундагы көз карандысыз аналитикалык лаборатория болуп саналат. Анын негизги иш багыттары - техникалык жана металлургиялык сыноолорду, геохимиялык анализдерди жүргүзүү.
Радио
Жумаканова: 10 вирусологиялык лаборатория 15-январда ишке берилет
Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, лабораториянын иши геохимиялык анализдер жаатында жогорку сапаттагы тейлөө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана жаңы жумушчу орундарды түзүү менен өлкөдөгү өнөр жай борборунун бири – Кара-Балта шаарынын экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошот.
Салтанаттуу иш-чарага ошондой эле Финляндиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист катышты. Жапаров республика экономикасы өнүккөн жана алдыңкы билим берүү тутумуна ээ Финляндия менен достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.