Бишкекте эркек кишини бычактоого шектелип 34 жаштагы аял кармалды

Криминалдык милиция окуя болгон жерден далил буюм катары алган ашкана бычагы тийиштүү экспертизага жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук милициясы этиятсыздыктан улам адам өлтүрүүгө шектелген аялды кармады. Бул тууралуу РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 10-декабрга караган түнү болжол менен саат 00:50 чамасында Ж.А. аттуу киши көкүрөк тушка бычак жеп Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна түшкөн. Бирок алган жаратынан улам көз жумган.
Түркиялык ишкерди "Манастан" ары уурдап кетишкен. Шектүүнүн бири — милиционер
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Ж.А. аттуу аял кармалып, тергөө кызматына алып келинген. Далил буюм катары алынган ашкана бычагы тийиштүү экспертизага жөнөтүлгөн.
Тергөө иштери жүрүп жатат.