Ала-Букада күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Ишкана райондогу эски сүт заводдун имаратында жайгашып, бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, учурда жергиликтүү тургундарга сүт өндүрүү жана белгиленген эрежелерге ылайык өткөрүү боюнча атайын окутуулар жүргүзүлүп жатат.
"Район башчысы Нурбек Сатаровдун айтымында, буга чейин инвестор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ишкана райондогу эски сүт заводунун имаратында жайгашып, бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Жакын арада имаратты оңдоп-түзөө иштери аяктаса, жумуштар башталат. Мында жергиликтүү калкка сүт багытындагы уйларды өстүрүүнү көбөйтүү максатында атайын семинар уюштурулуп, алдыңкы фермерлер тажрыйбалары менен бөлүшүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Ишкана ачылгандан кийин атайын техника менен айылды кыдырып, сүт жыйналары белгиленди.