Гамалея адистери "омикрон" штаммына каршы вакциналар конструкциясын топтоду

Окумуштуулар анткен менен коронавируска каршы вакцинанын негизги өзөгүн алмаштырууга негиз жоктугун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борбору "омикрон" штаммына каршы вакциналардын конструкциясын топтоду. Бул тууралуу аталган борбордун директору Александр Гинцбург билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ал мурдагы штаммдарга каршы жасалгандай эле иштелип чыкты, бирок вакцинанын негизги өзөгүн алмаштырууга азырынча негиз жок", — деген Гинцбург.
Мурдараак директор агенттикке Гамалея борбору "омикронго" каршы алдын алуучу препаратты ылайыктап, шартташтырып жаткандыгын билдирген эле. Окумуштуулар коронавирустун буга чейинки варианттарына каршы мурда да дал ушундай эле иштер менен алек болгон. Вакцина учурда борбордун муздаткычында сакталып турат.
“Омикрон” менен пандемия аяктайбы? Вирусологдун божомолу
Эске салсак, буга чейин, 2021-жылдын 20-ноябрларында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Адистер аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен "омикрон" деп атады. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат. Деген менен акыркы жыйынтык чыгарууга эрте экени айтылат.
Алдын ала чыккан тыянактарга караганда, B.1.1.529 иммунитети абдан эле алсыз, балким, СПИД менен ооруган же ВИЧ жугузуп алган кишинин организминде өнүгүп, калыптанган.