Электр кубатын ашыра колдонгон энергокомпаниялардын башчылары иштен бошотулат

Энергокомпаниялардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана райондук тармактык ишканалардын жетекчилеринин электр эсептегичиндеги көрсөткүч текшерүүгө алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Айрым энергокомпаниялардын жетекчилери жана башкармалыктардын башчылары электр энергиясын белгиленген чектен ашыра колдонуп жатат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг кабарлады.
Улуттук энергохолдингдин тапшырмасы менен энергокомпаниялардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана райондук тармактык ишканалардын жетекчилеринин электр эсептегичиндеги көрсөткүч текшерүүгө алынган.
"Мындай көрүнүштөр тармакка көлөкө түшүрүп, энергетика системасынын туруктуу иштешин камсыз кылган ар бир адамдын абийирине жана кадыр-баркына шек келтирип жатат", — деп жазылган маалыматта.
Жайында Токтогулдан Казакстанга суу коё берилген. Энергохолдинг эмне дейт
Кызматкерлерге ишинен бошотууга чейинки дисциплинардык чара көрүлөрү белгиленди.
Ноябрда "Түндүк электр" кыргызстандыктардын эсептегичине электр энергиясын керектөө кубаттуулугуна чектөө койгон. Бир фазалуу абоненттерге 5 киловатт, үч фазалууларга 10 киловаттка чейин чек коюлган. Энергокомпания Бишкек, Чүй жана Талас облустарын тейлейт.