БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарынын Reina клубундагы терактыга тиешеси бар делген жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады
Билдирмеге караганда, 8-декабрда М.Ш.Р. аттуу чет мамлекеттин жараны колго түшүрүлгөн
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Билдирмеге караганда, 8-декабрда М.Ш.Р. аттуу чет мамлекеттин жараны колго түшүрүлгөн. Ал Стамбулдагы резонанстуу терактыга тиешеси бар экени аныкталган.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Эске сала кетсек, 2017-жылы жаңы жыл түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубунда теракт болгон. Өзбекстандын жараны Абдулкадир Машарипов автоматчан барып мекемени кайтарган полиция кызматкерлерин атып, андан соң ичине кирип 700 адам эс алып жаткан тарапка ок чыгарган. Мындан 39 адам каза болуп, 69 киши жаракат алган. Бул каргашалуу окуянын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алган.
Теракт жасаган жаран 16 күндөн кийин Стамбулдун Эсенюрт районунан колго түшүрүлгөн. Аны менен кошо үч аял, бир киши кармалган. Алар Египет, Сенегал, Сомалинин жарандары болуп чыккан. Кийин Машарипов 1368 жылга эркинен ажыратылган.