СССРди калыбына келтирет деп Путинден шектенген Батыш. Коркчу жагдай башка

Путин үчүн, дегеле Россиянын мамлекеттик жетекчилиги үчүн Советтер Союзу көптөгөн жылуу эскерүүлөрдүн объектиси бойдон калмакчы.
Sputnik
СССРдин тарашынын 30 жылдыгынын алдында сенаттагы парламенттик угууда АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд: "Советтер Союзун кайра түзүү менен Путин тарыхта калууга ниеттенет", — деди. Мындай билдирүүлөр чанда, бирок маал-маалы менен жаңырып тургандыктан эл да укканына ынанат эмеспи. Батыштагы ушундай ойлордун тегерегинде пикирин чиймелеген Ирина Алкснистин материалы РИА Новости сайтына жарыяланган.
РФ лидери Владимир Путин СССРдин кыйрашын өткөн кылымдын эң ири геосаясий апааты экенин белгилөө менен советтик тутумду сындап да келгени кеңири белгилүү. Россия президенти советтик системанын кемчиликтерин да, СССРдин жетекчилигинин чоң катачылыктарын да атайт. Бирок Батыш аларга кулак жапырып, андайды айтууну ылайык көрбөйт.
СССРдин ыдырашына 30 жыл. ХХ кылымдын геосаясий апаатынын себеби жана маңызы
Ушул күндөрү СССРдин ыдырашынын себептери жана ага күнөлүүлөр жөнүндөгү талаш-тартыш дагы кайталанат. Кескин айырмаланган пикирлер деле жок, анткен менен бир нече орчундуу ойлорду тизмектөөгө болот.
Биринчиси: Советтер Союзунун урашына ички көйгөйлөр себеп болгон. Тышкы факторлор, атап айтканда, батыш пропагандасынын кыйратуучу ролу кымындай, кошумча гана ролду ойногон.
Экинчиси: ошол ички себептер системалуу мүнөздө эле. Башкача айтканда, ушундай абалга анык бир адамдардын белгилүү бир чечимдерди кабыл алышы кептеген. Бул туура 30 жыл оболу кол коюлган Беловеж келишимине да тиешелүү. Кадрдык саясаты менен бирге эле СССРдин мамлекеттик түзүлүшүнүн негизиндеги улуттук принципти да эстеген оң. Бул дагы, Путин белгилегендей, Союздун тагдырын чечерлик ролду аткарган. Ушулар менен гана чектелип калбайт, дагы толгон-токой себептери бар.
Үчүнчүсү: өзөгүндөгү өзгөчөлүктөрдөн улам СССРдин ыдырап жана бузулушунан кача албай тургандай туңгуюк жагдай жаралып калган. Советтер Союзу узак жашап кетүүгө жөндөмсүз болуп калган. Жетимиш жылдык улуу экспериментти өлкө ошентип эбегейсиз "натыйжа" менен аяктаган.
Россия (РСФСР катары) ошол экспериментте башкы донор, ресурстардын булагы (адам ресурстарынан каржыга дейре) болгондуктан союз тараганда бул жагдай анын өнүгүшүн катуу ташыркаткан. Ал башка союздаш өлкөлөрүнөн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдө кыйла артта калган. Мындан сырткары, Советтер Союзунун урашы аталган өлкөнү эптеп жан багууга түрткөн. 1990-жылдардагы демографиялык кыйроонун кесепети сымал айрым терс таасирлер менен Россия дагы ондогон жылдар бою күрөшөрү турулуу иш.
СССР, путч, эгемендүүлүк. Кыргызстандын тагдырын чечкен 12 күндүн баяны
Маңызында мамлекет башчысы катары Путиндин бүтүндөй саясаты советтик долбоордун таптакыр тескерисинчеси: идеологиялык радикалдуулукка каршы – консерватизм; революцияга каршы — акырындап өзгөрүү; мобилизация жана ашкере чамынууга каршы — эл байлыгы; утопиялык үлгүлөргө таянган тез реформаларга каршы — табигый өсүш, ж.б.
Путин үчүн, дегеле Россиянын мамлекеттик жетекчилиги үчүн Советтер Союзу көптөгөн жылуу эскерүүлөрдүн объектиси бойдон каларын, ал эми мамлекеттик-саясий мааниде чочулата турган нерсе экенин белгилеп кеткен оң.
Жогоруда айтылгандардын эч бири жашыруун эмес. Тескерисинче, көпчүлүк үчүн эскирип, жадатып деле бүтүргөн көнүмүш чындык. Бирок Россия тууралуу түшүнүк жана маалыматтардын кандай өңүттө таралары Вашингтон, Лондон, Берлин, Брюссель жана башка батыштык борбор шаарларда чечилген коомчулук үчүн андай эмес өңдөнөт. Ошонун айынан тараптар ортосундагы диалогдо түшүнбөстүктөр улам күчөп бараткандыр. Жакындагы эле россиялык жана америкалык президенттердин онлайн баарлашуусу бул көрүнүштү ого бетер тереңдеткендей болду. Адегенде Батыш жакын арада Москва Украинага кол саларын жар салып, акыры өзү ойдон чыгарган бул уламышка өзү ишенип алды. Ошентсе да Россия мындай акылга дегеле сыйбаган пикирлерге эстүүлүк менен жооп кайтарып келет.