Көрүнүктүү окумуштуу Зияш Бектеновдун 110 жылдыгы белгиленет

Бектенов "Манас" эпосунун кара сөз вариантын даярдаган. Бул вариантты көптөгөн кыргыз жана орус манас таануучулары колдонушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бүгүн көрүнүктүү окумуштуу Зияш Бектеновдун 110 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Иш-чара Бишкектеги Улуттук филармонияда өтөт.
Зияш Бектенов — тилчи, илимпоз, манас таануучу, педагог, котормочу жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
Ал 1911-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында төрөлгөн. Атасы медицина кызматкери болуп, калкты дени сак жашоого үгүттөгөн.
Аялы аяп баласынын өлүмүн жашырып койгон. Зияш Бектенов тууралуу 7 факты
Зияш Бектеновдун өмүрү жана чыгармачылык жолу татаал болгон. Мектепти аяктагандан кийин Пишпектеги Кыргыз педагогикалык техникумунда окуган. 1930-жылдары ал кыргыздын латын жазмасындагы жаңы окуу китептерин жазууга автор катары салым кошкон. 1933-жылдан баштап Кыргыз Эл агартуу министрлигинин тапшырмасы боюнча өз алдынча жана Ташым Байжиев менен бирге 3-4-класстын "Эне тилин", грамматика жана жазуу эрежелерине арналган окуу китебин жарыялаган.
Экинчи дүйнөлүк согуш маалында, 1942-жылы Зияш Бектенов Кызыл армияга чакырылган. Ал аскерден Кыргызстанга 1946-жылы кайтып келген.
"Манас" эпосунун кара сөз вариантын даярдап бүтүргөн. Бул вариантты көптөгөн кыргыз жана орус манас таануучулары колдонушкан. Бирок бул аракети ошол кездеги бийликке жакпай, ак жеринен улутчул делип он жылга кесилип кетип, 1955-жылы акталган.
1966-жылы "Элге билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин алган. 1983-жылы 12-февралда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына арзыйт. Эгемендик жылдары Билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери жана Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору наамына ээ болгон.