Пресс-борбор

Мамлекеттик 30 объектини менчиктештирүү кайсы баскычта? Маммүлктүн жообу

Алгач сатыкка 25 объектини коюу пландалган. Бирок кийин аларга бир нече компаниянын мамлекеттик пакеттеринин акциялары кошулду.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Мамлекеттик 30 объектини менчиктештирүү пландалып жатат. Бирок азырынча бири дагы сатыла элек. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров
"Бүгүнкү күндө бир дагы объект менчиктештирилген жок. Себеби кайра баалоо иши жүргүзүлүп жатат. Приватташтыруу абдан эле узак процесс. Баалоочуларды жалдоо процедурасы көп убакытты талап кылат. Баалоо боюнча тендер үч ирет өткөрүлүп, эки жолу ишке ашпай калган", — деди Бакиров.
Ал ошондой эле 25 объект менчиктештирүү программасынын тизмесинде турганын, аларга дагы төмөнкү объектилер кошулганын белгиледи:
Бакиров "Альфа Телеком" үчүн баалоочу табылбай койгонун белгиледи.