Автокырсыктан, өндүрүштүк, турмуш-тиричиликтен, көчөдөн, бийиктиктен кулап жаракат алган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн тартиби, эрежеси бирдей эле болот. Андыктан биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негизин (жараатты таңуу, канды токтотуу, шак-шак коюу) билүү жетиштүү. Бул тууралуу Бекназар Жунусов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандыктар жаракат алган адамга биринчи жардам көрсөтүүнү биле беришпейт.
"Акыркы жылдары өлкө аймагында жол кырсыктары көбөйдү. Ал эми сентябрь айынан баштап окуучу, студенттер аралашкан кырсыктар арбыды. Бизде жөө адамды коюп кеткен айдоочу шок абалда болгондуктан көп учурда кырсыкка күбөлөр жардам көрсөтүүгө аракет жасайт. Бирок көпчүлүгү биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү билбейт. Жолдун четине чыгарып же шалкылдатып көтөрүп унаага салып оорукананы көздөй жөнөшөт. Унаа адамды сүзгөндө ал жалпы жаракат алып, башы, көкүрөгү, колу, буту жабыркайт. Моюн омурткасы өтө аялуу бөлүк болгондуктан көп учурда сынып кетет. Аны унаага салардан мурун дем алгыдай кылып, оозу-мурдун шилекей, кан, кусундудан тазалап, анан мойнун баш шалкылдабагандай кылып колдо бар материал менен (мисалы, куртка) ороп, таңуу керек. Ал эми колу-буту сынган учурда сөөктү тезирээк бириктирип байлабаса сөөктүн майы канга түшүп (жировая эмболия), бейтап оор абалга кептелип калышы мүмкүн. Андыктан чорт сынган сөөктү бириктирип жыгач, унаанын ачкычы өңдүү колго тийген катуураак нерсени коюп таңып койгон оң. Кырсыктаган адам кансыраган болсо, сан сөөктөн, чыканактан өйдө боо, жип, ар кандай кездеме менен кыса байлаш керек. Айрымдары балтырдан же билектен байлап коюшат. Бул туура эмес", — деди Жунусов.
Дарыгер кырсыктаган адамга биринчи жардам көрсөтүү негиздерин мектепте кененирээк үйрөтүү керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видедондон көрүңүз: