БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Төраганын милдетин аткарып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева кабинетин жаңы келчү депутаттарга берип жаткан кесиптештерине эскертүү берди.
Ал иш бөлмөлөрдү кийинки чакырылыш өзү комиссия түзүү менен бөлүштүрөрүн билдирди.
"Урматтуу депутаттар, кийинки чакырылыштын депутаттары менен сүйлөшүп алып иш бөлмөңүздөрдү бербеңиздер. Себеби аны жаңы келген чакырылыш атайын комиссия түзүп өздөрү чечиши керек. Ошондуктан өз ара сүйлөшүү аркылуу ачкычыңарды бербеңиздер. Сураныч сиздерден", — деп кайрылды Касымалиева.
Ал эми азыркы чакырылыштагы кызматтык турак жай жана кабинеттерди бөлүштүрүү боюнча атайын комиссиянын мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов алдын ала ээлеп алгандар чыгарылып калышы мүмкүн экенин айтты.
"Жаңы чакырылыш келгенден кийин ар бир фракция мүчөлөрүнөн комиссия түзүлөт. Депутаттын алган добушуна, статусуна жараша кабинеттер бөлүштүрүлөт. Спикер, вице-спикер, фракция лидерлерине, көп добуш алган фракция мүчөлөрүнө чоңураак бөлмөлөр берилет. Азыр кимдир бирөө кабинетти ээлеп алса, комиссия аны чыгарып коё алат", — деди Нышанов.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда дагы VII чакырылышка келе турган депутаттар эмитен эле кабинеттерди ээлеп алганы талкууланып жаткан.