БИШКЕК, 9-дек. —Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Бакыт Толканов Евразия өнүктүрүү банкы уюштурган "Евразиялык интеграция жана өнүгүү – XXI кылым" аталыштагы сынакта жеңүүчү болду.
Толкановдун "Кыргызстанда рекорддук көлөмдөгү акча бар. Бул баалардын өсүшүнө алып келбейби? Талдоо" деп аталган макаласы "Агенттиктин мыкты тематикалык материалы" номинациясында жеңүүчү деп табылды.
Сынакка ЕӨБ мүчө-өлкөлөрү Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын ЖМКларына жарыяланган материалдар кабыл алынган
Сынакка ЕӨБ мүчө-өлкөлөрү Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын ЖМКларына жарыяланган материалдар кабыл алынган.
Арыздарды кабыл алуу токтотулгандае кийин 300дөн ашык конкурстук материал келип түшкөн. Алардын баарын курамына алты мамлекеттин журналисттер союзунун жетекчилери кирген эксперттик кеңеш таразадан өткөргөн.
Калыстар тобунун мүчөлөрү макалалар евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге байланышкан маселелердин мазмуну жана терең изилденип жаткандыгын сапаттуу чагылдыра алганы менен айырмаланганын белгилешти.
Евразия өнүктүрүү банкы — евразиялык мейкиндикте инвестициялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу эл аралык каржы уюму. 15 жылдан бери Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан ортосундагы экономикалык байланыштарын чыңдоого, кеңейтүүгө жана алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө көмөктөшүп келет. Банктын уставдык капиталы жети миллиард долларды түзөт. ЕӨБдин портфелиндеги негизги үлүштү транспорттук инфраструктура, санариптик система, жашыл энергетика, айыл чарба, өнөр жай жана машина куруу чөйрөлөрүндө интеграциялык эффектиси бар долбоорлор ээлейт. Банк өз ишмердүүлүгүндө БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын жана ESG принциптерин жетекчиликке алат.