Радио

Жумаканова: 10 вирусологиялык лаборатория 15-январда ишке берилет

Санитардык-эпидемиологиялык департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова жаңы лабораториялар эл аралык стандартка жана техникалык спецификациясы биологиялык коопсуздукка жооп берерин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда курулуп жаткан 10 вирусологиялык лаборатория 15-январда ишке берилет. Бул тууралуу Айгүл Жумаканова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаңы лабораторияларга амплификаторлор, ламинардык, ПЦР бокс, лабораториялык шейкер жана центрифуга жабдыктары банк тарабынан алып берилет.
"Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 10 вирусологиялык лаборатория Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондорунда, Талас, Ноокат, Ноокен жана Каракол, Жалал-Абад, Баткен шаарларында курулууда. Лабораториялар чек араларга жакын, элдин агымы көп аймактарда салынып жатат. Коронавирус илдетине чейин вирусологиялык лабораториялар ченелүү эле болгон. Буга чейин анализдер Чүй облусунда, Бишкекте, Ош жана Ысык-Көл облустарына жеткирилип жаткан болсо, жаңы курулуп жаткан лабораторияларда коронавирустан башка да жугуштуу ооруларды аныктоого мүмкүнчүлүк болот. Аталган долбоор ар бир лабораторияга эмерек, жабдыктарын толук алып берет", — деди Жумаканова.
Ал жаңы лабораторияларда иштей турган медицина кызматкерлерин окутуу, билимин жогорулатуу маселеси каралып жатканын, Саламаттык сактоо жана Финансы министрлигине жаңы штат даярдоо боюнча кат жөнөтүлгөнүн кошумчалады.