"Барселона" 21 жылдан бери биринчи жолу Чемпиондор лигасында тайпадан чыкпай калды

Жыйынтыктоочу, алтынчы турдагы оюнда каталондук команда Германияда мюнхендик "Бавария" клубуна 3:0 эсебинде утулду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Испаниялык "Барселона" 21 жылдан бери биринчи ирет УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин тайпалык турунан чыга албай калды. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазды.
Жыйынтыктоочу, алтынчы турдагы оюнда каталондук команда Германияда мюнхендик "Бавария" клубуна 3:0 эсебинде утулду.
Роналду командасына кыйкырып, ыйлап жиберди. Архивдик видео
Беттештин 34-мүнөтүндө Томас Мюллер эсепти ачты. 10 мүнөт өтпөй Лерой Сане айып аянтынын сыртынан тээп гол киргизип, эсепти эселетти. Ал эми экинчи бөлүктө Жамал Мусиала үчүнчү гол киргизип, беттеш жыйынтыгына чекит койду.
Буга удаа өткөн тайпалаштар оюнунда "Бенфика" өз үйүндө Киевдин "Динамо" клубун 2:0 менен утту.
Алты турдун жыйынтыгы менен "Бавария" 18 упай менен тайпада көч баштады. Сегиз упай топтогон "Бенфика" экинчи сапка жайгашты. Ал эми испаниялык команда үчүнчү орунда калып, УЕФАнын Европа мелдешине түшүп калды.
"Барселона" акыркы жолу 2000/01-жылдагы сезондо Чемпиондор лигасынын тайпалык этабынан чыга албай калган. Анда да каталондук клуб өз тобунда үчүнчүдө калган болчу.