Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров тергөө абагынан бошотулду

Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров УКМКнын төргөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Эске салсак, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган.
Акаев: актай барактан баштайлы десек, Атамбаевди да үй камагына чыгарыш керек
Ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттен эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлгөн.
Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартып, абактан чыгаруу чечимин кабыл алган.