Россия Кыргызстанга вирустарды аныктоочу мобилдик лаборатория алып берди

Министрлик былтыр да Россия тарап ушундай эле төрт мобилдик лаборатория берип, вирустун жайылышына бөгөт коюуга шарт түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстанга техникалык жардам катары бактериологиялык жана көптөгөн индикациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ылайыкталган мобилдик лаборатория берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
1 / 3
Россия өкмөтү Кыргызстанга техникалык жардам катары бактериологиялык жана көптөгөн индикациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ылайыкталган мобилдик лаборатория берди
2 / 3
Аталган комплексти тапшыруу аземи бүгүн, 7-декабрда, Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунда тапшырылды
3 / 3
Иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов жана россиялык "Микроб" чумага каршы илим-изилдөө институтунун өкүлү Екатерина Найденова катышкан.
Аталган комплексти тапшыруу аземи бүгүн, 7-декабрда, Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунда тапшырылды. Иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов жана россиялык "Микроб" чумага каршы илим-изилдөө институтунун өкүлү Екатерина Найденова катышкан.
Кыргызстанда вирусологиялык 10 борбор курула баштады. Сүрөт
Мобилдик комплекс КАМАЗ автоунаасынын базасында салынган. Ичинде бактериологиялык жана индикациялык эки лаборатория болот. Анын жардамы менен биологиялык коопсуздук эрежелерин сактап холера, чума, COVID-19 сыяктуу коркунучтуу жугуштуу ооруларды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Министрлик былтыр да Россия тарап ушундай эле төрт мобилдик лаборатория берип, пандемия маалында вирустун жайылышына бөгөт коюуга өбөлгө болгонун белгиледи.