Сүйлөшүү узакка созулат. Путин менен Байден эмнени чечет?

Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамиле чыңалгандан чыңалып барат. Мындан улам Жо Байден Владимир Путин менен узак сүйлөшүү ниетинде.
Sputnik
АКШ лидери азырынча "даярдап алган сунуштарын" ачыктай элек. Башкы тема — Украина. Буга чейин тараптар кандай позицияда экенин аныктап-тактап алышты: Кремль кызыл чийин тууралуу эске салса, Ак үй Россияга каршы "көп нерсени ичине камтыган чараларды" даярдап жатканын жашырган жок. Алдыдагы жолугушууга РИА Новости баам салган.

Түз эфир болбойт

Жолугушуу Бишкек убактысы менен саат 21.00дө башталат. Лидерлер видео байланыштын корголгон каналы аркылуу баарлашмакчы. Эч кандай түз эфир каралган эмес. "Алгачкы кадрлар көрсөтүлөт. Калган сүйлөшүү жабык болот", — деген Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча эч кандай билдирүү жасалбайт.
Россиянын изин издөө уланууда. Америкалык саясаттагы оюндарга сереп
Москванын приоритеттеринин арасында "Женевада кабыл алынган макулдашуулар кандайча ишке ашып жатканын" анализдөө. Путин Байден менен "кейиштүү абалдагы" эки тараптуу алаканы талкууламакчы. Мындан тышкары, Украинадагы кырдаал, НАТОну сүрөө жана буга байланыштуу РФ лидеринин демилгеси жөнүндө да сөз болору маалым.
1-декабрь күнү Путин альянсты кеңейтпөөнүн юридикалык кепилдиктери тууралуу сүйлөшүү уюштурууну сунуштаган. Ал батыш чек арасында абал чыңалып турганын белгилеп, "коопсуздуктун узак мөөнөттүү жана ишенимдүү кепилдиги" зарыл экенине токтолгон. Мунун жазуу түрүндө болушу шарт. Анткени оозеки айтылгандарды батыш мамлекеттери чымын чакканчалык көрбөйт.
"Россияга карата кызыл чийинден эч ким өтпөсө керек. Ал чийин кайсы жерден чийилерин биз өзүбүз чечебиз", — деген Путин сүйлөп жатып.
3-декабрда Байден жума аягында эс алуу үчүн Кэмп-Дэвидге учуп кетип жатып журналисттерге "эч кимдин эч кандай кызыл чийинин тааныбай турганын" айткан. "Биз Россиянын бардык кыймыл-аракетин билебиз, сүйлөшүү узакка созулат", — деген президент. Кийинчерээк Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки президенттер кибер коопсуздук, стратегиялык туруктуулук жана аймактагы көйгөйлөрдү талкуулай турганын ачыктаган. Байден "АКШ Россиянын Украина менен болгон чек арасындагы аскердик активдүүлүгүнө тынчсызданып жатканын" айтууну пландаштырып жатканы белгилүү болгон.

Кол салат деп ишендиришкен

Акыркы убакта Украина эки тараптуу мамиленин жарылбаган жарасына айланды. Москва Киев Минск макулдашуусун аткарбай жатканын жүйө келтирип жатат. "Мажбурлаш керек, — дейт РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров. — Дал ушул максатта "норманд төрттүгү" түзүлгөн, бирок Берлин менен Париж азырынча өз милдеттерин анча элес албай жатышат".
Сыпайылыктын кереги жок. Байдендин Путин боюнча айтканына пикир
Киевдин расмий бийлиги Украинанын Минск макулдашуусу менен эч кандай байланышы жок экенин жар салды. Алардын айтымында, Киев "бул кайырмактан өз убагында чыгып кетүүгө үлгүргөн". Анткен менен Донбасстагы гуманитардык абал начарлагандан начарлап барат.
Пентагон чек арада жайгашкан россиялык аскерлердин санына дыкат көз салып жатканын бир эмес, бир нече жолу белгилеген. АКШ европалык союздаштары менен бирге Россиянын Украинаны басып кирүүсүнө бөгөт койгон чараларды иштеп чыгып жатканы айтылган. Ага чейин Мамдепартамент агрессия байкалса "болуп көрбөгөндөй санкциялар колдонуларын" эскерткен эле.
Батыш ЖМКлары чек арада абал октябрдан тарта курчуп жатканын саймедиреп келишет. Ал эми Москва аскер техникасы менен аскер бөлүктөрүнүн өлкө аймагында ары-бери жылып жүрүшү Россиянын ички маселеси экенин айтат.
Лидерлердин жолугушуусу алдында Financial Times АКШнын бир нече жума бою Евробиримдикти Россия Украинага басып кирет деп ишендирүүгө кандай аракет кылганын төкпөй-чачпай жазды. Ак үй "Кремлдин планы" тууралуу маалыматты НАТО боюнча 29 союздаш мамлекетке эки жана ар тараптуу жолугушуу учурунда, ошондой эле дипломатиялык каналдар аркылуу тараткан.
Бирок мында айрым союздаш өлкөлөр, мисалы, Германия күмөн санап турат. Европалык аткаминердин бири таң калганын жашырган жок. Анын айтымында, америкалыктар ЕБ көрбөгөн нерселерди көргөн имиш. Россияны "мажбурлабаса" эч кандай агрессиялык кадамдарга барбай турганы айтылса да АКШ чалгынчылары позицияны кайра карап чыгууга аргасыз кылышкан. Financial Times ушинтип жазды.
Германиянын Bild басылмасы аты аталбаган маалымат булактарына таянуу менен Россия 2022-жылы басып алууга даярданып жатат деген схеманы жарыялаган. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова картада Львов эмес Лемберг деп жазылып турганына көңүл бурган болчу. Немец тилинде бул шаар Lwiw делет. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Lemberg деген австрия-венгриялык топоним кеңири колдонулуп келген эле. Мындан улам Захарова "ошондо немец журналисттери кайсы картадан көчүрүшкөнүнө" кызыгып суроо салган.

Пекинди мээлей

"Россия менен Кытайдын ортосуна чок салууга ылайык маал". АКШ аракетке өтөбү?

Байдендин администрациясы НАТОну бекемдеп, ички тартипти жакшыртууда. Бул Дональд Трамптын командасынын начар ишинин фонунда өзгөчө байкалып жатканын Россия илимдер академиясынын Дүйнө экономикасы жана эл аралык мамилелер илим изилдөө институтунун Түндүк Американы иликтөө борборунун кызматкери Сергей Кислицын белгиледи. Анын айтымында, альянс аскердик багыттан оолактап, кибер коопсуздукка басым жасамакчы. Бул Москва менен эмес, Пекин менен тирешүүгө көбүрөөк байланыштуу.

Эксперт Украинага дыкат көз салуунун артында америкалыктардын постсоветтик айдыңга таасирин күчөтүү аракети жатат деп эсептейт. Вашингтон бул жерде да Пекин менен атаандаш. Анткен менен Россиянын Кытай экономикасынын колу жете элек аймактарында кызыкчылыктардын кагылышы жок эмес.
"Путин менен Байдендин буга чейинки сүйлөшүүлөрү СНВ-3 боюнча ымалага келиши менен ийгиликтүү болгон. Бирок жаңы келишим буга чейинкисинен бир топ айырмаланышы ыктымал. Америкалыктар шарттарды өз пайдасына ыңгайлаштырууга аракет кылат. Мында да АКШ Кытайдын аскерий стратегиясы менен күчтөнүшүн эске албай коё албайт. Диалог эки тараптуу болбой калганы калды", — деди Кислицын.

Жарым жыл өттү

Путин менен Байдендин биринчи жолугушуусу 16-июнда Женевада офлайн өткөн. Анда стратегиялык куралданууну көзөмөлдөөгө арналган билдирүү кабыл алынган болчу. Биргелешкен маалымат жыйын болгон эмес, ар бири өз журналисттеринин алдында сөз сүйлөгөн.
Анда Путин Москва менен Вашингтонго элчилерди кайтаруу тууралуу макулдашуу жөнүндө айтып берген. Ортодо бир топ "мандемдүү маселе" топтолуп калганын белгилеп, тараптар аларды чечүүгө кызыкдар экени белгиленген.
Байден болсо Путин "кансыз согушту" каалабай турганына токтолуп, бул жолугушуунун үзүрү жарым жылдан кийин билине турганын кыйыткан.
АКШ президенти Европада. Россияны кантип "күнөөсүн" мойнуна алдырып, төлөтүшөт?
"Алты ай өттү. Өтө жакындашып кетпесе да диалог болуп жатканына күбөбүз, аскер мекемелеринин, генералдык штабдар ортосунда байланыш бар. Кибер коопсуздук сыяктуу глобалдык маселелер боюнча диалог жүрүүдө. Ошондой эле Сирияга гуманитардык жардам берүү боюнча да жылыш байкалат: АКШ күрддөр менен Түркия көзөмөлдөгөн аймактан тышкаркы жерлерге да көмөк көрсөтө баштады", — дейт Жакынкы Чыгышты изилдөө борборунун илимий кызматкери Алексей Давыдов.
Балким мындай аракеттер ыкчамыраак жүрмөктүр, бирок Байденге оппозиция болгон республикачылар тоскоол болууда дейт маектеш. Инаугурациядан бери президенттин рейтинги 56 пайыздан 41 пайызга чейин төмөндөп кеткен.
"Боло турган сүйлөшүүдө кандайдыр бир эки тарапка тең туура келген макулдашуулар болсо дагы оппозиция аны негативдүү фондо берүүгө аракет кылышы мүмкүн. Демократтардын тушунда Ак үйдүн алсызданышы тууралуу айтылышы ыктымал, Байдендин администрациясына упай топтоого аракет кылды деген кине коюлушу мүмкүн", — дейт эксперт.
Негизи консулдук маселелерде ийгиликке жетүүгө болот. Апрелде Вашингтон өлкөдөн Россиянын 10 дипломатын чыгарып салган. Москва жооп кайтарып, АКШны касын тиккен өлкөлөрдүн катарына киргизип, элчиликке жергиликтүү кызматкерлерди ишке алууга тыюу салган. Октябрда америкалыктар Россиянын 55 дипломатынын мекенге кайтуусун талап кылган эле. Кремль дагы бир катар кызматкерлерди чыгаруу алдында турат, бирок ТИМ Ак үйгө буга чейинкинин баарын жокко чыгарып, алаканы ак барактан баштоону сунуштап турган чагы.
Кислицын мындай аракет ишке ашышы толук мүмкүн деген пикирде. Ал эми саясат менен экономикадагы оң өзгөрүүлөр үчүн шарт жок болуп турат. Ага карабастан Мамдепартамент эки лидердин жолугушуусун эч нерсе алмаштыра албай турганын белгилөөдө, ушу тапта президенттер ичтегисин айтып, бири-биринин арыз-муңун өз ооздорунан укканы жакшы. Жок дегенде ушул жерден эки тараптын ою бир чыгууда.