Кыргызстанда жер участогуна болгон документтердин процедурасы жөнөкөйлөтүлдү

Токтом ченемдик-укуктук актылардагы мүчүлүштүктөрдү четтетүү максатында иштелип чыккан. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Өкмөттүн аталган токтому Кыргызстандын ченемдик-укуктук актыларындагы мүчүлүштүктөрдү четтетүү максатында иштелип чыккан жана расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Документтин деталдары айтылган эмес.