COVID пандемиясы дагы беш жылга созулат. Британиялык окумуштуулардын божомолу

Лондондо сейилдеп жаткан беткапчан адамдар
Адис вакцинация менен инфекциянын жайылышына каршы чаралар натыйжалуу болбосо, оору мындан да узак убакытка созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Коронавирус инфекциясы кеминде 2026-жылга чейин коркунуч жаратат. Мындай жыйынтыкка Улуу Британиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча илимий-кеңеш тобунун адистери келди. Алардын билдирүүсү уюмдун сайтына жүктөлдү.
"SARS-CoV-2 саламаттык сактоо системасына мурдагыдай эле коркунуч жаратып, эмдөө менен вирус тууралуу маалыматтарга беш жыл ичинде тыкыр көз салууну талап кылат", — деп жазылган документте.
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив
"Омикрон" штаммы өлүмгө кептебейби? ДССУ маалымат берди
Окумуштуулардын пикиринде, вакцинация менен инфекциянын жайылышына каршы чаралар натыйжалуу болбосо, оору андан да көп убакытка созулат.
Адистер беш-он жылда жамааттык иммунитетти калыбында кармап турууга аракет кылуу керектигин айткан.
Илимий кызматкерлер Улуу Британияда Европанын башка мамлекеттерине салыштырмалуу COVID-19 оорусу вакцинанын жардамы аркылуу басаңдаганын белгилеген.