Ысык-Ата шайлоо округунан алдыга чыккан талапкерге иш козголду

Социалдык тармакка Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аталган талапкердин катышуусунда видеотасма жарыяланган. УКМК билдиргендей, анда кылмыштын белгилери бар.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. № 30 Ысык-Ата шайлоо округунан депутаттыкка талапкер А.Т. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аталган талапкердин катышуусунда видеотасма жарыяланган.
"Бул чагымчыл видеодо талапкердин коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу") каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.
Депутаттыкка талапкер айымдын күйөөсү добуш сатып алууга шектелип кармалды
6-декабрда тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн А.Т. аттуу талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга кайрылуу жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, талапкердин аракеттерине юридикалык баа берилет.
Белгилей кетсек, бир мандаттуу округ боюнча шайлоодо А.Т. элдин көпчүлүк добушун алып, биринчи сапка чыккан.