Сокулукта сабалып, зордукталган өспүрүм. Айыл эли милициянын алдына чогулду

5-декабрда Сокулук районунун айылдарынын биринин 50дөй жашоочусу Сокулук РИИБинин имаратынын алдына чогулушкан. Алар тергөөнү мыйзам чегинде жүргүзүүнү талап кылышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы К.Н. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка караганда, кечээ, 5-декабрь күнү, милицияга белгисиз киши 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн.
Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Териштирүү учурунда жабырлануучунун атасы 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктап салганын билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Чүй облусунун ИИББдин жана Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында 31 жаштагы К.Н. аттуу жаран кармалды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Ошто 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип мурдагы милиционер кармалды
Белгилеп кетчү жагдай, окуя болгон күнү, 5-декабрда, Сокулук районунун айылдарынын биринин 50дөй жашоочусу Сокулук РИИБинин имаратынын алдына чогулушкан. Алар менен РИИБдин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иши жүргүзүлөрүн билдирген соң чогулгандар таркап кетишкен.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштери уланууда.