Шаардык кеңеш: Кара-Сууда "Эл үмүтү", Кербенде "Бүтүн Кыргызстан" мандатка жетти

Эки шаардык кеңештин депутаттардын шайлоо 28-ноябрда өткөрүлгөн. Мында 7 пайыздык босого чектен өткөндөргө мандат берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кара-Суу жана Кербен шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыкты.
Аталган аймактардын депутаттарын тандоо 28-ноябрда парламенттик шайлоо менен кошо өткөрүлгөн.
Партиялар АСУ жана кол менен эсептөөдө канча добуш алды. Салыштыруу
Кара-Суу шаардык кеңешине "Бүтүн Кыргызстан" жана "Эл үмүтү" партиялары катышып, экөө тең 7 пайыздык босого чектен өткөнү расмий жарыяланды. Калаада 12 265 шайлоочу болсо, 3 657си (29,82 пайызы) добуш берүүгө катышкан.
Натыйжада "Биздин Кыргызстан" 20, "Эл үмүтү" 11 мандатка ээ болду.
Ал эми Кербен шаардык кеңешине сегиз партия катышып, алдын ала жыйынтык боюнча, бешөө утуп чыккан.
Мандатка жеткен партиялар төмөнкүлөр:
Кербен шаарында 17 389 шайлоочу болсо, депутаттарды тандоого 6 765 жаран (38,90 пайыз) келген.