Ай жаңырары менен афган-иран чек арасында айыгышкан салгылаш болду. Иран армиясы жана талибдердин ортосундагы жаңжалда ок атуучу куралдар гана тургай, зооттолгон техника жана артиллерия да пайдаланылды. Көрсө, талибдер мамлекеттик чек ара сызыгы кайдан өтөрүн билбей, чектешкен өлкөнүн жай жарандарына ок чыгарышкан.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул окуя жана дегеле аталган мамлекеттеги соңку кырдаалга токтолгон.
Ирандын Систан жана Белужистан провинцияларында, тагыраагы, чек ара сызыгынан жүздөгөн метр аралыкта аткезчилер менен күрөшүү үчүн чеп тургузулган. 1-декабрда ирандык дыйкандар өз аймагындагы ошол чепке кокустан келип, талибдердин огуна кабылды. Афган тарап өзүнүн Нимроз провинциясынын чегин бузду деген жүйөнү келтирет.
Иран чек ара күзөтү 122 ммлик калибрдеги Д-30 да камтылган ок атуу менен жооп кайтарды. Талибдер НАТОдон олжого алган зооттолгон техникаларын колдонду. Куралдуу кармаш 2-декабрда сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында гана токтоду. Окко учкандар, жарадарлар ондоп саналганы, талибдер ирандык эки көзөмөл-өткөрүү пунктун басып алганы тууралуу кабарланса да, жаңжалдашкан тараптар расмий түрдө бул өңүттөгү маалыматтарды беришпеди. Балким, окуянын түпкү себеби чек арадагы жөнөкөй түшүнбөстүктөн да терең болгон чыгаар.
Иран Афганистандын жаңы бийлиги менен экономикалык кызматташтыкты өрчүтүүдө, узаган айда афгандык Герат, Нимроз, Фарах провинцияларына 100 мегаватт электр кубатын берүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Ирандыктар афган кендерин (баалуу таштар, алтын, литий, жез) казууга инвестиция салууга кызыкдар, аны менен бирге эле жол, көпүрө курууга даяр.
Бирок экинчи жагынан Тегеран тонналаган афган маңзат трафиги, афган качкындарынын өз аймагына агылышынан чочулайт. Ошондой эле Афганистандын 40 миллиондук калкынын бештен бир бөлүгүн түзгөн шиит-хазарчыларды куугунтуктаганы үчүн талибдерге дооматтары да бар.
Ушунда өткөн учур эске эрксизден түшүп, Борбор Азия өлкөлөрүн кайрадан түйшөлтпөйбү деген ойлорго түртөт. 1990-жылдары талибдер бийликке биринчи келишинде Иран Түндүк альянсты колдоп турган, ал эми талибдер 1998-жылы Мазари-Шарифте ирандык дипломаттар тобун өлтүрүшкөн. Ошол кезде Тажикстан Афганистандын түндүгүндөгү куралдуу каршылык көрсөтүүнү колдогон.
Талибдердин экинчи ирет бийликти басып алышынан кийин Душанбе инклюзивдик деген макамга дегеле коошпогон өкмөттү катуу сынга алып, жарандардын, айрыкча өлкө калкынын үчтөн бирин түзгөн этникалык тажиктердин (13 млн киши) укуктары бузулганын баса белгилөөдө. Бир катар факторлордун айынан бул мамлекеттин Афганистан менен миңдеген чакырым аралыкка созулган чек араларында куралдуу жаңжал ыктымалдыгы жогору. Бул жагдайда Борбор Азияда чеп коргон куруунун кажети жок.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский 3-декабрда Афганистандагы ИМ* тобу ага чектешкен Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч жаратарын билдирди. Дипломат террорчулардын ресурстары, жанкечтилердин катышуусундагы террордук актылардын күч алышына көңүл бурдурду.
Балким, Тажикстан жана Кыргызстандын чек арасында чагымчылдык менен жаңырган ок (1-декабрда) афган-иран чек арасындагы куралдуу жаңжалга туш келиши тегин жерден эместир. Канткен учурда да аталган мамлекет менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү кооптуу чек араларды (Тажикстан – 1300 км, Өзбекстан – 140 км, Түркмөнстан – 800 км) жана ИМдин*, башка эл аралык террордук топтордун Пянж дайрасынан түндүккө карай таасирин кеңейтүү ниетин эске алуу абзел.
Бул дарыянын түштүгүндө кесипкөй чек арачылар тартыш. Октябрда талибдер Тажикстан менен чек арасына жанкечтилердин батальонун жөнөткөнү маалым эмеспи. Аймак башчысынын орун басары аларды "Жардыргычка толгон күрмөчөн, өмүрүн аллага кызмат өтөөгө багыштаган баатырлар" деп атаган. Бирок мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыздоодо башка адистер керек.
Айыгышкан салгылаштын арты менен Афганистандагы бийликке жаңыдан келгенде талибдер планетадагы коңшулары алардын ички иштерине кийлигишпөөгө, жалпы улуттук өкмөт түзүүгө, ИМ* жана Аль-Каидадагы* террорчулар менен кызматташуудан баш тартууга убада беришкен. Талибдер менен ар кандай чет өлкөлүк аянтчалардагы, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүлөр "эмирликтеги" абалды турукташтыруу үчүн жүргүзүлгөн. Өзбекстан жана Түркмөнстан аларга лоялдуу карайт, ал эми Тажикстан Кабулдагы жаңы бийликти таанууга даяр эмес. Мында Душанбе карманган позиция жөндүү, талибдер убадаларынын четин да аткарбай келет.
Күчүнүн көпчүлүгү мурдагы каршылаштарын, атап айтканда, республикалык өкмөттүн аткаминерлери, полиция кызматкерлери, жоокерлеринен өч алып, аларды өлүм жазасына тартууга жумшалууда. Ал эми эң башында аларга мунапыс берилерин жар салышкан.
Афганистандын мурдагы президенти Хамид Карзай жакындагы маегинде талибдердин өкмөтү бүтүндөй афган калкынын өкүлдөрүнөн туруп, ички мыйзамдуулукка ээ болууга тийиштигин, ошондо гана эл аралык коомчулук тарабынан тааныларын айткан. Албетте, жаңы бийликтин өкүлдөрү дароо эле бардык жөндөмдөрдү өздөштүрүшү кыйын, жыйырма жыл бою алар негизинен ок атып, жардырып гана келишкен эмеспи. Анткен менен аларды үйрөтүүгө убакыт да жок, каражат да тартыш.
АКШнын банктарындагы Афганистандын каражаттары чындап эле узакка тоңдурулган. Афганистанды кайра калыбына келтирүү фондунун жалпы көлөмү 1,5 млрд. долларды түзөт, бирок аны алуу оңой-олтоң эмес. Дүйнөлүк банк 2-декабрда Афганистанга азык-түлүк үчүн 280 млн доллар бөлүүнү жактырды. Бирок бул сумманы бөлсөк, өлкөнүн ар бир тургунуна 7 доллардан тиет. Ошол эле күнү Кабул кырдаалды жөнгө салуу үчүн БУУдан 16 млн. доллар (өтө аз каражат) алды. Афган калкына көрсөтүлгөн эл аралык жардам гуманитардык каатчылыктын масштабына шайкеш келбейт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун расмий өкүлү Маргарет Харристин баамында, Афганистанда жетиштүү тамактанбагандыктан 5 жашка чейинки 3 миллиондон ашуун бала жабыр тартып, алардын бир миллионго жакыны чарчап калышы ыктымал. БУУнун маалыматына таянсак, кышында 23 миллион афгандык жаран көчүп кетүүгө же ачарчылык кептеген өлүмгө моюн сунууга аргасыз. Эл аралык валюталык фонддун божомолу боюнча Афганистандагы турмуш деңгээлинин кескин түрдө төмөндөшү жана гуманитардык каатчылык чектеш өлкөлөргө да таасирин тийгизип, ошондой эле бир катар европалык мамлекеттерге (Беларусь-Польша чек арасындагы мигранттарды эстейли) да кесепетин тийгизбей койбойт.
Качкындар бюджет жана эмгек рыногуна кыйынчылык келтирип, ар кандай өлкөлөрдөгү социалдык чыңалууну күчөтөт. Эл аралык валюталык фонддун адистери эгер Афганистандан 1 млн. гана жаран чыгып кетсе, аларды жайгаштырууга, мисалы, Тажикстанда 100 млн. доллар (1,3% ИДП), Иранда – 300 млн. доллар (0,03% ИДП) жана Пакистанда – 500 млн. доллардан ашуун (0,2% ИДП) чыгым сарпталат.
Экономикалык оор көйгөйгө кептелип жаткан өлкө эл аралык террорчул уюмдардын өз таасирин кеңейтүү үчүн оңтойлуу аянтчага айланып барат. Жихадчылардын катары өсүп, зордук-зомбулук, диний экстремизм коркунучу күч алууда. Афганистан – Борбордук жана Түштүк Азия мамлекеттери үчүн орток көйгөй. Россия мындайда четте карап турбайт. Жума ортосунда РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев пакистандык кесиптеши менен Москвада кезигип, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар Афганистандагы абалды, тынчтыкты орнотуу боюнча аракеттерди талкуулашты.
Патрушев мурдараак Афганистанда "кооптуу сценарийдин" жана жарандык согуштун жаңы эпкини туурасында билдирген эле. 1-декабрда старт алган жаңы аскердик окуу жылында РФтин Борбордук аскердик округу 300дөн ашуун ар кыл машыгууларды өткөрөт. Алар россиялык аскердик базалар жана аталган округдун башка түзүмдөрү жайгашкан Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын аймагына пландалган. Күчтөрдү ыкчам жайгаштыруу, стратегиялык операцияларды жүргүзүү, Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдө куралдуу жаңжалдарды жөнгө салуу жана жагдайды турукташтыруу аскердик окуулардын өзөгүн түзмөкчү.
* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террорчул топтор.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.