Диетолог күн сайын эки литр суу ичиш керек деген көндүм пикирди четке какты

Адистин айтымында, көбү таза сууну эле иче бериш керек деген ойду карманат. Бирок суюктуктун бир бөлүгүн күнүмдүк тамак-аш дагы толтурат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Диетолог Юлия Чехонина күн сайын эки литрден кем эмес суу ичиш керек деген пикирди четке какканын "Известия" жазды.
Чехонина мындай ойду америкалык окумуштуулар да карманарын белгилеген.
Адистин айтымында, адамдын организмине чындап эле эки литр суюктук керек, бирок бул таза сууну эле иче бериш керек дегенди билдирбейт.
"Суюктук азык-түлүктүн да курамында болорун түшүнүү керек. Жеп жаткан тамагыбыздан да 800 миллилитр суюктук алабыз. Дагы 400 миллилитр биздин организмибизде пайда болот, аны эндогендик суюктук дешет. Таза суудан эки стакан ичип койсо жетиштүү", — деген ал.
Мындан тышкары, Чехонина бир килограмм салмакка 35-40 миллилитр суу туура келерин кошумчалаган. Ошондой эле сууну керектөө нормасы ар кимдики жекече каралып, жынысына, салмагына жана активдүүлүгүнө жараша эсептеле турганын белгиледи.