Арыктайм дегендер кайсы жер-жемишти жолотпошу керек. Тизме

Нутрициологдун айтымында, диета кармап жаткан учурда бир күндүн ичинде жемиштин бир гана түрүн жегенге аракет кылуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нутрициолог Евгения Дегтянникова РИА Новости агенттигине маек куруп жатып, арыктоону каалаган кишилер рационунан кайсы жемиштерди алып салуусу керектигин айтып берди.
"Салмак таштагысы келип жаткан киши банан, дарбыз, манго, жүзүм жана жийде жебей эле койгону жакшы. Булардын курамында шекер өтө көп. Ошондой эле диета кармап жаткан учурда бир күндүн ичинде жемиштин бир гана түрүн жегенге аракет кылуу керек. Ал эми жашылчалар боюнча мындай чектөө жок", — деди Дегтянникова.
Адистин пикиринде, таттуу жемиштер канда инсулиндин көп иштелип чыгышына шарт түзөт. Мындай учурда адамда ашыкча энергия пайда болот дагы ал кыймылдап, көбүрөөк тамак жегиси келип калат.