Манасчыларга таазим этем! Садыр Жапаров "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады

2013-жылдын 4-декабрь күнү "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын маданий мурастары" тизмесине киргизилген. 2015-жылы өкмөттүн токтому менен бул күн "Манас" эпосунун күнү деп жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлап, куттуктоонун текстин жарыялады.
Алгач президент эпостун маани-маңызына токтолду.
"Манас" эпосу — кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, адеп-ахлактык жүрүм-турумун, жалпы эле рухий жана социалдык турмушун чагылдырган эң баалуу энциклопедиялык булак. Көлөмү эле эмес, көркөмдүгү менен да бүт адамзатты таң калтырган улуу эпосубуздун ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк маданий мурастардын тизмесине катталышы да жөн жерден эмес", — деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле Жапаров "дастанды муундан-муунга өткөрүп, сактап келген манасчыларга, аны жыйнап, изилдеп жүргөн изилдөөчүлөргө таазим этерин" айтты.
"Ааламдашуу маалында улуу эпопеябызды жаңы шартта иликтеп-изилдеп, чечмелеп, элибиздин калың катмарына жеткирип, андагы түбөлүктүү көөнөрбөс идеалдарды, баалуулуктарды жаштарыбыздын аң-сезимине сиңирүүбүз зарыл. Тамырына жана дилине ата-бабаларынын демин каткан муун гана Мекен, эл-жер үчүн күйүп, аны көздүн карегиндей сактоону ыйык парз деп билет", — деди ал.
"Манас" айтсак кулак бүтөт ташка да... Эпостун күнүнө карата иш-чара өтөт
Мындан тышкары, президент өлкө тарыхында биринчи жолу "Манас" театрынын түптөлүшү саамалык болгонуна токтолду. Бул театр "Манас" менен катар башка кенже эпосторду жана айтуучулук өнөрдү сактоого, жайылтуу жана даңазалоого дагы бир топ түрткү болорун кошумчалады.
Эске салсак, 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь "Манас" эпосунун күнү деп жарыяланган. Ага чейин эки жыл мурда, тагыраагы, 2013-жылдын 4-декабрь күнү "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын маданий мурастары" тизмесине киргизилген.