Ригадагы бул иш-чаранын жүрүшүндө да, андан кийин да Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы Йенс Столтенбергдин билдирүүлөрү катуу көңүл бурдурду. Урунттуу учурларына токтолсок, Чыгыш Европада өзөктүк курал жайгаштырылышы ыктымал; НАТО өлкөлөрү Украина үчүн РФ менен согушпайт; Россиянын таасир чөйрөлөрү болушу мүмкүн эмес деген ойлор айтылды.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко блоктун бул маанилүү иш-чарасын талдап көргөн.
Трибунада жаңырган катуу сөздөрдөн сырткары дал ошол маалда Латвиянын Адажи полигонунда артиллериялык канонада күркүрөп, турбиналар аркылуу сокку уруучу авиация күүлдөп, Албания, Чехия, Италия, Исландия, Канада, Черногория, Польша, Словакия, Словения, Испаниядан 1500 аскер келип, НАТОнун Winter Shield 2021 (22-ноябрь – 4 декабрь) форматындагы окуулары өттү.
Ошол эле убакта Улуттук аскердик кеңештердин 3000 жоокери The Decisive Point (14-ноябрь – 12-декабрь) "ири масштабдык согуштук аракеттерди" жүргүзүүнү өздөштүрүштү.
Дүйнө Санкт-Петербургдан болжол менен 200 чакырым аралыкта Прибалтикада альянстын театрлаштырылган бир салтанатына күбө болду. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиза Трасс танк менен келди. Ал эми саммиттин соңку жаңырыгы – Вашингтондун "Россиянын Донбасстагы касташкан кадамдарына карата жооп" иретинде Москвага карата каржылык-экономикалык чаралары. Эске салсак, аталган аймакка украиналык армиянын жарымы, тагыраагы, 125 миң киши топтолгон.
Столтенберг: "Зарылдыгы болсо Германиянын Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгы бул өлкөнүн аймагында сакталган америкалык өзөктүк куралды пайдаланууга Пентагондун макулдугун алганын" маалымдаган. Таптакыр жоопкерчиликсиз кадам. АКШ B61-12 заманбапташтырылган термоөзөктүк авиабомбаларынан 480 чакты бирдик чыгарган, анын 150гө чукулу Европанын арсеналында. Пентагон бул бомбаларды тарыхый мекенине кайтарууга ниеттенбейт. Тескерисинче, Россиянын чек араларына жакын кармоону көздөйт. Эгер Грузия жана Украинада болбосо да, F-35А жана B61-12лерди сактоочу жер төлөөлөр үчүн авиабазалар бар Польша жана Балтика өлкөлөрүнө жайгаштыруу алар үчүн оңтойлуу. Россиялык президент Владимир Путиндин 1-декабрда НАТОнун чыгышка карай жылышы, РФтин чек араларына жакын Россияга кооптуулук жаратчу куралдарды жайгаштырууга бөгөт болчу келишимдерди иштеп чыгууну талап кылганы да тегин жерден эмес.
Столтенбергдин Россиянын таасир чөйрөсү жоктугу жөнүндөгү пикири да суу кечпейт. Дүйнөдө ар бир суверендүү өлкөнүн таасири болбой койбойт, бул Вашингтон же Брюсселден көз каранды эмес.
Экинчи жагынан, блоктун курамындагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Ригада Кошмо Штаттардын Афганистандын аймагындагы жыйырма жылдык согуштук операциялардагы НАТОнун ролуна оң баа беришти. Анткен менен бул – чындыкка коошпогон жагдай экени айдан-ачык.
Латвия, Литва жана Эстониядагы тынымсыз көп улуттук машыгуулар жана чет элдик аскердик базалардын курулушу, Украина жана Грузияны активдүү куралдандыруу жана "өздөштүрүү", Вашингтон жана Брюсселдин "россиялык коркунуч" жөнүндөгү далилсиз билдирүүлөрү Москваны аскердик потенциалын душмандарынын мизин ыкчам жана толук кайтарууну кепилдеген деңгээлге чыгарууга мажбурлап турат.
Россияда Ту-160М заманбапташтырылган стратегиялык ракета ташуучуларынын сериялык өндүрүшү башталууда. Чыгыш Европадан "соккон" коркунучка РФтин асимметриялык жообу – маселен, Куба, Иран, Сирия, КЭДР жана башка өлкөлөр менен өз ара аракеттешүүдө 5 500 чакырымга чейинки Х-101 жана өзөктүк Х-102 стратегиялык канаттуу ракеталарды жайгаштыруу болушу ыктымал. Белгилүү болгондой, аталган ок-дарылар СНВ-3 келишиминдеги тизмеде камтылбайт. Беларусь президенти Александр Лукашенко да 30-ноябрда россиялык өзөктүк куралды жайгаштыра аларын, бул үчүн өз өлкөсүнүн аймагында инфраструктура бар экенин айтты.
РФ Батыш аскердик округунун бардык ракеталык бригадалары "Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекстери менен кайра куралданган, булар Чыгыш Европадагы аскердик объектилердин каалаганын жок кылууга мүмкүндүк берет.
Ыраакка багытталган С-400 ЗРС жана Су-30СМ оор истребители, Су-35 Беларусь жана Россиянын аба чектерин ынанымдуу калкалайт. Балтика деңизинде сан жана сапаттык жагынан россиялык Аскер-деңиз флоту үстөмдүк кылат. Согуштук аракеттер кырдаалында Россиянын жогорку технологиялык ракеталык куралдары Пентагондун, НАТОнун башка өлкөлөрүнүн космостук спутниктерин, кургактагы аскер күчтөрүн жана абадан сокку уруучу топторун майнапсыз кылат.
РФтин Куралдуу күчтөрүндө тармакка багытталган масштабдык операцияларды жүргүзүүгө жөндөмдүү бир нече бирикмелер түптөлгөн. Кышкы окуулар маалында (алты ай) РФтин Батыш аскердик округунун Кызыл жылдыз гвардиялык армиясынын жоокерлери 20 ири машыгууга катышмакчы. Бул убакыт аралыгында аталган округдун гвардиялык танк армиясы 1500 аскердик даярдык иш-чарасын, анын ичинде 150 машыгуу өткөрөт.
Кыштын алгачкы күнү Балтика флотунун армиялык корпусунун мотоаткычтар жана танк полкторунун 1000ден ашуун жоокери Калинингад облусундагы полигондорго жүрүш жасашты. Маалым болгондой, пландалган аскердик окуулар дал ушул аймакта башталат.
Аскердик даярдык тутуму улам татаалдап, жакшыртылып турат. Айталы, "Батыш – 2021" окуусунда 15 Ил-76МД аскердик-транспорттук учагы катышып, зооттолгон техника менен түнкү десант өздөштүрүлдү. Учактардын бортунда отуздан ашуун БМД-4М, анын экипаждары жана десант болгон. Мындай машыгуулар НАТОнун күчтөрүнүн түшүнө да кирбейт. Россия эч кимге кооптуулук туудурбайт, анан да потенциалдуу агрессорлорду тынчтыкка багыттоо мүмкүнчүлүктөрүн ачык көрсөтүп келет.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.