3-декабрь күнү эфирге чыккан берүү 18-ноябрда тартылган. Андыктан эфирден 28-ноябрь күнү көз жумган ырчы, насаатчы Александр Градскийди дагы көрүүгө болот.
Волкодав "Нокаутта" "Чиж и Ко" группасынын "Полонез" чыгармасын аткарды. Чечим кабыл алып жатканда Градский бул ырдын Волкодавдын аткаруусундагы версиясы абдан жакканын айткан.
"Александр абдан жөнөкөй жана жеткиликтүү ырдады", — деген маэстро.
Кыргызстандык ырчыны калыстар тобунун башка мүчөлөрү дагы макташты.
Экинчи кыргызстандык Адилет Жумабеков кийинки турга өтө алган жок. Ал Эдуард Артемьевдин "Урга" аталышындагы ырын аткарган.
Насаатчы Дима Билан бул этапта өзүнүн үч шакиртинин бирин гана тандашы керек болду.
Жыйынтыгында Биландын командасында музыкант Ильхом Тагиров калды.