Омега-3 иммунитетти көтөрө албай турганы айтылды

Дарыгер омега-3тү өзүм билемдик менен пайдалана бербей, адистер менен кеңешкенден кийин ичүүнү сунуштады. Анткени кандай гана витамин же кошулма болбосун, организмде көп болуп кетсе, тескерисинче, зыянын тийгизиши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Омега-3 май кычкылы иммунитетти анчалык бекемдей албайт, бирок сезгенүүгө каршы майнаптуу болгондуктан, организмге инфекциялык илдеттерден коргонууга жардам берет. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде терапевт Георгий Сапего айтып берди. 
"Омега-3 көбүнчө балык майынан алынат. Ал эми балык майы кан басымын төмөндөтүп, жүрөктүн иштешине жакшы таасир этет. Ошондой эле сезгенүүгө каршы майнаптуу. Демек, сезондук жугуштуу оорулардан коргонууга жардам бериши мүмкүн. Бирок иммунитетти көтөрөт деп айта албайм", — деди Сапего.
Витамин жетпей... Эт жеп көнгөн киши андан баш тартса эмне болот
Дарыгер омега-3 учурда дүйнө жүзү боюнча популярдуу экенин эске салып, аны көптөгөн адамдар биологиялык активдүү кошулма катары колдонуп жүргөнүн билдирди.
Анткен менен адис омега-3тү өзүм билемдик менен пайдалана бербей, дарыгер менен кеңешкенден кийин ичүүнү сунуштады. Сапегонун айтымында, кандай гана витамин же кошулма болбосун, организмде көп болуп кетсе, тескерисинче, зыянын тийгизиши мүмкүн.