Кыргызстан кездемени өзү чыгара баштады, эми импортко көз каранды болбойт

Кездемелер. Архив
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жылдын башынан бери 3 миңден ашуун долбоорду каржылаган. Экономикага кошкон салымы 400 миллион доллардан ашты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстан өзүнүн ишканаларын ачкандыктан бир катар товарларга болгон муктаждыкты жаап баштайт. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артём Новиков Евразиялык экинчи конгрессте билдирди.
Анын айтымына караганда, фонд республиканын экономикасына 400 миллион доллардан ашык акча салды. Ал жыл башынан тарта баш-аягы үч миңден ашуун чакан, ири, орто жана системалуу долбоорду каржылаган.
Новиков жогоруда айткандары боюнча төмөнкү мисалдарды келтирди:
Кластердик өнөр жайдын толук циклин түзүүгө мүмкүн болду, ал жип ийрүү үчүн пахтаны өздөрү өстүргөндөн тарта кийим-кече тиккенге чейинки процесс. Кыргызстан мурда кездемени 100 пайыз импорттоп келсе, азыр муктаждыктын бир бөлүгүн өзүнүн өндүрүшү менен жаба баштады;
Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген туристтик жайдын долбоору
Кегетиге 380 миң долларлык туристтик комплекс курулат. Сүрөт
Кыргызстандагы кант тармагын калыбына келтирип жана өнүктүрүүнү колдогон долбоор. Кант заводун жандандырып, кант кызылчасын өстүргөн 3 миңге чукул фермерди ишке тартышкан. Анын натыйжасында өлкө бул продукция боюнча муктаждыгын 100 пайыз өзү жапты;
Фармацевтика тармагын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Кээ бир препараттарды өндүрүү боюнча ири долбоор ишке ашканы турат, ал муктаждыкты 100 пайыз жабууга ниеттенүүдө.
Иш-чараны Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАБР) Россия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурган. Эл аралык Sputnik агенттиги менен радиосу конгресстин башкы маалыматтык өнөктөшү болду.