"Манас" уксун Ала-Тоо бүт аймагы... Бишкекте бүгүн манасчылар чогулат

Кече "Манас" эпосунун күнүнө, ошондой эле манасчылар Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгы жана Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 3-декабрда, "Манас" айтат бакылдатып балдары, "Манас" уксун Ала-Тоо бүт аймагы" аттуу "Манас" айтуу кечеси өтөт. Бул тууралуу Sputnik агенттигине "Көйкашка" коомдук фонду билдирди.
Иш-чара ордо калаадагы соода борборунун биринде саат 18:00дө башталат.
"Кече 4-декабрь "Манас" эпосунун күнүнө, ошондой эле КРдин Эмгек сиңирген артисти, манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгына жана КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, манасчы Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат", — деп жазылган маалыматта.
Уюштуруучулар кошумчалагандай, иш-чарада китеп жана сүрөт көргөзмөлөр уюштурулуп, кызыктуу оюндар жана суроо-жооптор болот. Ошондой эле төкмө акындар ырын ырдап, "Акак" комузчулар ансамбли комузда кол ойнотмокчу.
"Манас" айтсак кулак бүтөт ташка да... Эпостун күнүнө карата иш-чара өтөт
Назаркул Сейдракманов учурда "Манас-мурас" коомдук фондунда устаттык кылат. 2010-жылы Даңк медалы менен сыйланган. Сейдракманов 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдык салтанатына арналып өткөрүлгөн манасчылардын эл аралык сынагында баш байгеге ээ болгон.
Талантаалы Бакчиев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору. 2014-жылы Эл аралык манас таануучулар ассоциациясынын президенти болуп шайланган.