БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун ТИМ башчыларынын кеңешмесинин (ТИМК) 28-отурумунун пленардык сессиясында сөз сүйлөп, Бишкекке Афганистанды изилдөө борборун ачууну сунуштады. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы саясат боюнча ведомствосунун маалымат кызматы билдирди.
Аталган сессия Швециянын Стокгольм шаарында өткөн. Казакбаев быйыл ЕККУнун тышкы иштер министрлигинин кеңешмесинин күн тартибиндеги негизги маселелердин бири Афганистандагы абалга токтолгон.
"Министр Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирип, ЕККУнун Бишкектеги академиясынын алдында Афганистанды изилдөө борборун ачууну сунуштады. Бул Борбор келечекте регионалдык жана эл аралык эксперттер үчүн Афганистанда жүрүп жаткан процесстерди изилдөө жана аларга реакция жасоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууда көз карандысыз академиялык талдоочу борбор болорун айтты", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле министр эл аралык коомчулуктун аракеттерин Афганистандагы тынчтык процессинин айланасында чогултууга чакырган. Аны менен катар Афганистандын учурдагы жетекчилиги менен диалогду улантуу жана кызматташуунун компромистүү варианттарын табуунун зарылдыгы жөнүндөгү Кыргызстандын позициясын белгилеген.